Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Парламентте министр Сагынбаевага ишеним көрсөтпөө сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүнкү жыйында Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрдү.

Депутат бул сунушун медициналык мекемелерде башаламандык күч алганы жана Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадагы соңку кырдаал менен негиздеди. Андан сырткары, депутат Нурбек Мурашев менен Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевдин арасындагы чырды “жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шоу кылганга аракет жасады” деп айыптады.

Спикер Асылбек Жээнбеков бул жаатта министр менен сүйлөшкөнүн, жакында медицина кызматкерлери менен депутаттар жолугуп, маселе талкууланарын билдирди. (BkA\SE)

XS
SM
MD
LG