Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Евробиримдик украин бийликтерине каршы санкцияларды талкуулоодо


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинадагы кандуу окуяларга жооптууларга каршы чараларды кабыл алып жатат. 20-февралда Брюсселде Еврошаркеттин тышкы иштер боюнча кеңеши чукул жолугушуу өткөрүп, алгачкы чечимдерди кабыл алды. Бирок азырынча айрым адамдардын эсептеринин тоңдурулушу, визалык чектөөлөр же чаралар көрүлгөн адамдардын саны боюнча маалымат ачыкталган жок. "Эркин Европа/Азаттык" үналгысы аталган документтин долбоору менен таанышып чыкты, анда курал эмбаргосу да камтылган. Атап айтканда ички кагылышууларда колдонулчу куралдарды Украинага экспорттоого тыюу салынат. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кризисти жөнгө салуудагы диалогдо биринчи кадамды бийликтер кабыл алышы керектиги айтылат. Аталган текст өзгөрүшү мүмкүн, талкуу уланууда жана документке кол коюла элек. (AiK)

XS
SM
MD
LG