Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Эскертүүгө карабай Сирияга кеткен бешөөнүн экөө мерт болду


Кызыл-Кыя шаарынан Сирияга кеткен беш кыргызстандык жарандын экөө ошол жакта каза тапты. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Алар тартип коргоо органдарынын расмий эскертүүлөрүнө карабай Сирияга жөнөп кеткен.

Атайын кызматтын көңүл борборуна түшкөн он жарандын бешөө алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Сирияга баруудан баш тартып, Кыргызстанда калган. Ал эми бешөө ар кандай жол менен кетип калган. Алардын Сирияга кетишине ата-энеси да макулдугун берип, УКМК кызматкерлеринин сөзүн укпай койгон. Эми алар УКМКга кайра кайрылып, балдарын мекенине алып келүүгө жардам суроодо. (YI)

XS
SM
MD
LG