Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

ИИМ: Бир жылда кылмыштуу топтордун 197 мүчөсү кармалды


Былтыр Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген 197 киши кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Кармалгандар негизинен Камчы Көлбаев, Максат Абакиров, Алмаз Бокушев жана Азиз Батукаевдин кылмыштуу топторунун мүчөлөрү деп шектелет. Алардан көп сандаган ок атуучу курал, жардыргыч зат, маңзат алынган.

2010-жылы бийликке келгендер уюшкан кылмыштуулукту тыюу тууралуу убада берген. Күрөш бир канча этап менен жүрүп, жакын арада тыйыларына ишендиришкен эле. Андан кийин коомчулукта "караларга" каршы күрөш солгундап кеткени айтыла баштаганда, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев былтыр сентябрь айында ишти жандантууну тапшырган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG