Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Балучилер жакындарын табууну талап кылышууда


Пакистанда Балучистан чөлкөмүндөгү адам укуктарынын бузулушуна каршы ири жүрүш жума күнү Исламабадда аяктады. 3 ай мурун чөлкөмдүн борбору Кветта шаарынан ондогон активист дайынсыз жоголгон жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп, 3 миң километрлик жүрүшкө чыгышкан. Алар Пакистан өкмөтүнөн туугандарын табууну же алардын жоголушу үчүн жооптуу болгон коопсуздук күчтөрүн жазалоону талап кылышкан. Активисттер коопсуздук органдары балучилердин сепаратисттик кыймылын басаңдатуу үчүн адамдарды уурдоо, өлтүрүү кампаниясын жүргүзүп жатышат деп айыпташууда. Исламабад өкмөтү бул дооматтарды четке кагууда. Бир нече жылдын ичинде Балучистанда миңдеген киши өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгон.

XS
SM
MD
LG