Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Путиндин Крымга аскер киргизүү сунушу колдоо тапты


Украина. Крым.
Украина. Крым.

Орусия парламентинин жогорку палатасы - Федерация кеңеши 1-мартта президент Владимир Путиндин Украинанын аймагында орусиялык куралдуу күчтөрдү колдонуу сунушун колдоп, добуш берди.

Анын алдында Крымдын москвачыл премьер-министри Сергей Аксенов баштаган депутаттар Крымдын калкын "өкүмзордук менен зомбулуктан сактоо үчүн чара көрүү" тууралуу орус бийлигине кайрылышкан. Бул кайрылуу көз жаздымда калбастыгын президент Владимир Путиндин кеңсеси кабарлады. Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жарым аралга орус аскерлеринин чектелген контингентин киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.

Ишембиде Аксенов жарым аралдын бардык аскерлери, полиция, чек арачылар жана коопсуздук күчтөрү премьердин гана буйругун аткарууга тийиш деп билдирди. Аксенов бул буйрукка макул болбогондор кызматтарынан кетсин деп эскертти.

Жума күнү (28-февралда) Крымдын негизги аба майданына орус аскерлери деп болжолдонгон куралчан адамдар жайгаштырылган. Дагы бир маалыматтарга караганда, түн ичинде орусиялык учактар жүздөгөн аскерлерди ташып келди.

Харьковдогу облустук акимиятка чабуул жасалды (тасма)
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00


Украинанын жаңы бийлиги "Орусиянын жоокерлери" деп шектелген куралчандардын 28-февралда Крымдын айрым аба майдандарын көзөмөлгө алышын өлкөнүн аймактык кол тийбестигине каршы кадам жана баскынчылык катары баалоодо,

Маселен, Украинанын утурумдук президенти Олександр Турчинов расмий Москваны Крымдагы агрессия үчүн айыптап, Путинди провокацияларды токтотууга жана аскерлерди алып чыгууга үндөдү.

- Чагымчыл аракеттери менен бизди куралдуу жаңжалга тарткылары келет. Чалгынчыларыбыздын маалыматтарына караганда, орустар буга чейин Абхазияда ишке ашырылган сценарийди кайталашууда. Жаңжалга жем таштап, аймакты өздөрүнө кошуп алууну көздөшөт. Украин аскерлери чагымга алдырбастан өз милдетин аткарышууда. Себеби андай аракеттер Крымдын жайкын тургундарына коркунуч туудурушу мүмкүн.

Ал тапта Вашингтон администрациясынын жогорку өкүлү Обама июнда Сочиде өтчү Чоң Сегиздин саммитин бойкоттошу мүмкүн деп билдирди. Атын атабаган расмий адамдын айтымында, Орусия Украинанын Крым жарым аралына басып кирсе, Обама жана Британия, Франция, Италия жана Германия лидерлеринин бийик жолугушууга катышуусун элестетүү кыйын болот. Администрация Орусия менен соода жана экономикалык алакаларды өрчүтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып же улантпоо маселесин караштырууда, - деди Ак үйдөгү булак.

Кечээ Обама Ак үйдүн алдына келген журналисттерге Украинадагы кырдаал тууралуу жооп берип жатып, “эгер Орусиянын аскерлеринин Украинанын аймагындагы кыймылы тастыкталса, бул Орусия тараптан Украинанын эгемендүүлүгүн сыйлайбыз деген кепилдигин бузгандыгы катары түшүндүрүлөт жана Орусия Украинанын аймагына аскерин киргизгендиги үчүн жооп берип калышы мүмкүн” деп айткан.

НАТОнун Башкы катчысы Андерс Фог-Расмуссен Орусияны Украинанын эгемендигин кадырлоого чакырды, Анын айтымында, НАТОго мүчө өлкөлөр кырдаалга кылдат байкоо салууда,

Крымдагы Севастополь портунда Орусиянын кара деңиз флотунун базасы жайгашкан.

Виталий Чуркин
Виталий Чуркин
Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Орусиянын Крымдагы аскердик аракеттерине база жөнүндөгү келишим жол берерин билдирди.

Ишемби күнкү (1-марттагы) өкмөттүк жыйында Крымдын премьер-министри Аксенов жарым аралдын келечеги боюнча референдум мурда пландалган 25-майда эмес, 30-мартта өткөрүлөөрүн жарыялады.

Добуш берүүчүлөр “Крым автономиялуу жумурияты мамлекеттик эгемендүүлүккө ээ жана тиешелүү келишимдер менен макулдашуулардын негизинде Украинанын бир бөлүгү болуп эсептелет деген сөздөргө макулсуңарбы?" деген суроого жооп бериши керек.

Виктор Янукович бийликтен кулатылгандан кийин автономиядагы орусиячыл күчтөр Киевдеги жаңы өкмөттү тааныбастыгын билдиришүүдө.

Бейшембиде Крымдын парламенти өкмөттү кетирип, премьер-министрликке москвачыл Аксеновду дайындаган жана референдумду 25-майга белгилеген. Ал күнү Украинада президенттик шайлоо өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG