Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Крымдын парламентин ээлеп алышты


Симферополдогу митинг, 26-февраль, 2014
Симферополдогу митинг, 26-февраль, 2014

Украинадагы Крым автоном республикасынын өкмөт үйү менен парламентинин имаратына кирип алгандар Орусиянын желегин илип алышты.

Украинадагы Крым автономдук республикасынын өкмөтү менен парламентинин имаратын бүгүн куралчан белгисиз адамдар ээлеп алганын “Интерфакс-Украина” маалымат агенттигине шилтеме берип “Азаттыктын” орус кызматы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, имараттарда азыр Орусиянын желектери илинип турат.

Крым татарларынын межлисинин лидери Рефат Чубаров Фейсбуктагы баракчасына “Телефон чалып, Крымдын Жогорку Радасы жана министрлер кеңешинин имараттары аскердик формачан, куралдуу адамдар ээлеп алганын айтышты. Азырынча талаптарын айта элек”, - деп жазды.

Кечээ Симферополдогу Крым парламентинин алдында Украинанын жаңы бийлигинин колдоочулары менен каршы чыккандар кагылышкан. Жаңы бийликти колдоп, “Евромайдан-Крым” кыймылынын бир нече миң мүчөсү чыккан. Көпчүлүгү крым татарлары. Аларга каршы “Орус биримдиги” кыймылы баштаган орусиячыл кыймылдардын активисттери чыккан. Кагылыштан 30дан ашык адам жаракат алды.

Украиначыл демонстранттар кечээ Симфереполдо, автоном республиканын парламенти алдындагы митингде “Крым Орусия эмес”, “Крым Орусия эмес” деп кыйкырып турушкан. Алардын парламент имаратына жасаган чабуулу кезексиз сессияны үзүгүлтүккө учураткан.

Крымдагы татар азчылыгынын лидери, депутат Рефат Чубаров - Украинанын жаңы бийликтерин колдогондордун бири. Ал чогулгандарга кайрылып, мындай деди:

- Биз сессия чакырбагыла, Крымдагы кырдаалды курчутпагыла деп айтканбыз. Анткени сессия бир эле максат – Крымды Украинадан ажыратып, Орусияга кошууга негиз болуучу аракеттерди жасоо үчүн чакырылары кечээ эле айкын болгон.

Крымда азчылыкты түзгөн татарлар былтыр ноябрдын соңунда Виктор Януковичтин бийлигине каршы нааразылык акциялар башталгандан тарта ага жигердүү тартылып келишкен. Украинанын жаңы бийлигин колдогон крымдыктар шаршембидеги акциясы учурунда мурдагы СССРди эске салган кызыл желектерди өрттөшсө, орусиячылдар бул өлкөнүн желегин желбиретип турушту.

Алардын бир Виктория кабарчыларга буларды айтты:

- Биз Орусия менен болгубуз келет. Еврошаркетти каалабайбыз. Еврошаркеттин бизге кереги жок.

Апта башында Крымга Орусия думасынын депутаттары барышкан. Думанын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий маалымат каражаттарынын Москва Крымдын тургундарына орус паспортторун берүү жөнүндө чечим кабыл алды деген кабарларын мындайча комментарийледи:

-Албетте биз түшүнүүбүз керек. Эгер Орусиянын мыйзамдарында бул норма бекитилсе, Киевде өтө тез реакция жаратат. Биз аскерий аракеттерге, биринчи кезекте биздин мекендештерибиз арасында кан төгүүгө алып барышы мүмкүн кадамдарды жасай албайбыз.

Крым өзү Украинанын орусиячыл аймагы катары саналат. Киевдеги жаңы бийликти кызуу колдоп чыккан татарлар 1, 5 миллион калктын 250 миңдейин түзөт.

Украинанын мурдагы үч президенти: Леонид Кравчук, Леонид Кучма жана Виктор Юшенко шаршемби күнү биргелешкен билдирүүсүндө Орусияны “Крымдагы саясий турмушка тикелей кийлигишип жатканы үчүн” айыпташты. Алардын көз карашында, укук коргоо органдары сепаратисттик чакырыктарды, орус тилдүү калктын укуктары бузулганы тууралуу билдирүүлөрдү, аймактар ортосуна чок салуу фактыларын, Украинанын мамлекеттик символдорун ачыктан-ачык эле урматтабоо көрүнүштөрүн иликтеши керек.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков кечээ кечинде Киевден Крымдагы кырдаалды комментарийлеп жатып, мындай деди:

- Крымдын жана Симфереполдун милициясы жана күч структураларынын баары менден жана Коопсуздук кызматынын башчысынан кандай болгон күндө да жарандар менен кагылышууга барбоо жөнүндө көрсөтмө алышты.

Крым 1954-жылы Украинанын карамагына берилгенге чейин Орусиянын курамында болгон. Крымдын жээгинде азыр Орусиянын Кара деңиз флоту жайгашкан.

Батыш өкмөттөрү Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирбеши керек деген эскертүүлөрүн утур-утур айтышууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG