Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Путиндин сөзү Батышты ынандырган жок


Путин: Янукович мыйзамдуу президент
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

Путин Виктор Янукович бийлиги жок болсо дагы Украинанын мыйзамдуу президенти экенин айтты. 3-март, 2014

Владимир Путин Украинадагы мамлекеттик бийликтин өзгөрүүсүн "конституцияга каршы төңкөрүш жана курал менен бийликти басып алуу" катары баалады.

Президент Путин Москванын жанындагы резиденциясында жасаган билдирүүдө «орус аскерлери Крымдагы кырдаалга аралашкан жок» деп ырастады. Кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Крымдагы Украинанын аскер базаларын курчап тургандарды «жергиликтүү өздүк коргонуу күчтөрү» деп мүнөздөдү.

Путин ошондой эле Москванын Украинага аскер жиберүүсүнө зарылчылык жоктугун айтып, бирок Крымдагы украин аскерлери менен орусиячыл күчтөрдүн тиреши уланып жаткан чакта Кремль «курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн» өзүндө калтыраарын эскертти.

Дүйшөмбүдө Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин Украинага аскер киргизүүнү бийликтен четтетилген президент Янукович суранганын билдирген эле. Элчи Януковичтин өтүнүч катын Коопсуздук Кеңешинин кезексиз жыйынында окуп берди:

- Өлкөдө башаламандык жана анархия өкүм сүрүүдө. Өмүр, коопсуздук жана элдин укугу, өзгөчө Түштүк Чыгышта, Крымда коркунуч астында. Ошентип, Батыш өлкөлөрүнүн таасири астында ачыктан ачык террор жана зобун-зордук болууда. Адамдар тили жана саясий негизде куугунтукталып жатат. Буга байланыштуу мен президент Путин мырзадан Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрүн пайдаланып, мыйзамдуулукту, тынчтыкты, тартипти, стабилдүүлүктү орнотууга жана Украина элин коргоону суранам.

Учурда бийликтен кулатылган Янукович Орусияда башкалкалап жүрөт.

Москванын актануусу Батышты ынандырбады. АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр Крымга Орусиянын аскер киргизүүсүн “кыялдагы коркунучка жооп” деп сыпаттап, абалды жөнгөрүүнүн төмөндөгүдөй жолун сунуш кылды:

- Абалдан чыгуунун жолу турат. Бул Орусияга Украина өкмөтү менен түздөн түз сүйлөшүү, Орусиянын куралдуу күчтөрүн токтоосуз чыгарып кетүү, Украинанын территориялык бүтүндүгүн калыбына келтирүү жана адам укугу боюнча байкоочуларды аймакка шашылыш жайгаштыруу. Коркутууларга жана калпка орун жок.

Украинанын БУУдагы элчиси Юрий Сергеевдин айтышынча, Орусия Крымга өткөн аптадан бери 16 миң аскер киргизген. Президент Барак Обама Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө "Орусия Украинага басып кирип, тарыхтын жаңылыш тарабында калды", - деди.

Орусиянын Крым жарым аралына аскер киргизүүсү Батыштын нааразылыгын жаратты. АКШ жана Евробиримдик аскерлер чыгарылып кетпесе, санкция колдонобуз деп опурулууда. Пентагон Орусия менен бардык аскерий машыгууларды, эки жактуу сүйлөшүүлөрдү, жыйындарды жана аскерий кемелердин визиттерин токтото тургандыгын жар салды. АКШнын Соода министрлиги өз ара сооданы кеңейтүү чаралары токтотулганын эскертти. Ошол эле учурда Конгресс Украинага бир миллиард доллар жардам берүү боюнча мыйзам долбоорун камдоодо. Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Роберт Менендездин айтымында, Ак үй менен орусиялык айрым адамдарга каршы санкция колдонуу жагы сүйлөшүлүүдө.

Крымдагы орус аскери
Крымдагы орус аскери
Евробиримдикке мүчө 28 өлкө эгер Москва Украинаны коркутуусун бас кылбаса, максаттуу санкция колдонуу жагын карап көрөлү деп макулдашты. Бул жөнүндө Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин 3-мартта Брюсселде өткөн шашылыш жыйынынан соң Биримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон маалымдады:

- Орусия абалды жайгаруу боюнча кадамдарды жасабай жатканда, Евробиримдик анын Биримдик менен Орусия арасындагы эки жактуу мамилеге тийгизген кесепетин карап көрөт. Биз визага жана жаңы келишимге байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүнү токтотуу мүмкүндүгүн сүйлөштүк, конкреттүү чараларды карап көрөбүз.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “санкция жана бойкот” менен коркутууну сындап, Батыш “эң алды украин элинин кызыкчылыгын ойлошу керектигин” билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин 4-мартта Ново-Огареведеги резиденциясында маалымат жыйын өткөрүп, Украинадагы бийлик алмашууну “мамлекеттик төңкөрүш жана бийликти куралдуу басып алуу” деп мүнөздөдү. Путиндин сөзүндө, Янукович дале Украинанын мыйзамдуу президенти, бирок анын саясий келечеги жок. Ал Орусияда Крымды басып алуу ниети жоктугун айтты жана Крымдын эли өз келечегин өзү аныкташ керек деди. Путин муну менен катар Украинанын жаңы бийлиги менен майда өтчү президенттик шайлоого чейин кадыресе байланыш түзүү мүмкүн эместигин баса белгиледи. "Бирок шайлоо азыркыдай “террордук” жагдайда өтсө, Москва анын жыйынтыгын тааныбайт" деп баса белгиледи Путин.

АКШнын аскерий эксперти Ян Бжезински 4-мартта “Америка добушу” радиосуна берген интервьюда “Путин олуттуу аракеттерди ойлонуштурууда. Ал Батышты аскерий чара көргөнгө эрки жетпейт деп чечти. Бөркүңдөй көр, ал Грузиядагы тажрыйбасына таянып, экономикалык жана саясий санкциялардан кутулуп кетем деп бүтүм чыгарды. Ал 2008-жылы Грузияга басып киргенден кийин дал ушундай кылган” - деп Путин Батыш санкция киргизе албайт деп боолгоп жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG