Бүгүн 5-март, Кыргызстандын сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Буга байланыштуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев атайын куттуктоо катын жолдоп, коррупция жана кылмыштуулук менен аёсуз күрөш жүрүп жаткан бүгүнкү күнү өлкөдө мыйзам диктатурасы муктаждыгын белгиледи. Ошондой эле президент куттуктоосунда Кыргызстанга жарандардын укуктарын жана эркиндигин, улуттук кызыкчылыктарды коргоого жөндөмдүү, күчтүү, көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү сот бийлиги керек деп бекемдеди.
Сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бүгүн Жогорку Сотто иш-чара уюштурулуп, анда бир катар судьяларга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. (ZKo)
Сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бүгүн Жогорку Сотто иш-чара уюштурулуп, анда бир катар судьяларга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. (ZKo)