Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Дем алыш күндөр боюнча өкмөт сунушун парламент колдогон жок


Жогорку Кеңеште бүгүн "Эмгек кодексине" өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөттүн сунушу каралып, колдоо тапкан жок. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт мамлекеттик маанидеги айрым майрамдарга байланыштуу дем алыш күндөрүн бириктирүүнү сунуштоодо. Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, 23-февраль Мекенди коргоочулар, 1-май – Эмгек, 7-ноябрь Улуу Октябрь социалисттик революциясы күндөрүндөгү дем алууну Жаңы жылдык эс алууга бириктирүү сунушу берилип жатат. Ал эми майрам өзү кала берет.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар майрамдардагы дем алыш күндөрүн ары-бери которуштуруунун зарылдыгы жок экенин айтты. Өкмөттүн сунушу кайрадан тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG