Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Пакистанда чабуулдарга карабай сүйлөшүүнү улантууну чечишти


Пакистан өкмөтү жана талиптер радикалдык күчтөрдүн жакында болгон чабуулуна карабай тынчтык сүйлөшүүнү улантууну чечишти. Өткөн жуманын соңунда “Техрик-Талибан” кыймылы бир айга ок атууну токтотконун жарыялаган.

Шаршемби күнү Акора шаарында болгон эки тараптын сүйлөшүүсүнүн соңундагы билдирүүдө сүйлөшүүлөр чечүүчү стадияга келгени белгиленген. Өткөн айда согушкерлер 23 аскерди өлтүргөндүктөн сүйлөшүүлөр токтоп калган. Шаршемби күнү өлкөнүн түндүк-батышында жолго коюлган бомбадан алты аскер өлдү, ал эми Исламабаддагы чабуулдан он бир киши мерт кетти. Бул чабуулдарга талиптер тиешеси жок экенин билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG