Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Ошто айыл өкмөт кызматкерине кылмыш иш козголду


Оштун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, ал мамлекеттин бюджетине 1 млн 500 миң сомдон ашык зыян келтирди деп айыпталууда.

Кармалган жаран кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин акчасын өз кызыкчылыгына колдонгону айтылууда. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 171, 304, 308-беренелери боюнча кылмыш иш козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG