Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Украинадан Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көбөйүүдө


Киевдеги Кыргыз Республикасынын элчилигинин маалымдашынча, Украинадагы саясий кырдаалга байланыштуу Ата журтуна кайтуусуна көмөктөшүүнү сурап кайрылган кыргызстандык жарандардын саны көбөйдү.

Февралда эле ушундай 30дан ашуун арыз түшкөн. Азыр, Украинанын ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Крым автоном республикасында, чыгыштагы Донецк, Днепропетровск, Харьков, Луганск, Запорожье жана башка шаарларда Кыргызстандын 965 жараны жашайт. Расмий эмес маалымат боюнча, аталган региондордо 6 миңден ашуун кыргызстандык, анын ичинде 12 студент бар. Украин оппозициясы менен бийлик арасындагы кагылыштарда 98 адам өлгөнү, алардын арасында кыргыз жарандары жок экени, элчилик кыргызстандык жарандар менен тыгыз байланышта экени айтылат 6 - мартта КР элчилиги жасаган билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG