Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Казакстанда жолдо мерт кеткендердин жакындарына жардам берилет


Казакстандын Жамбыл облусунда жол кырсыгынан мерт кеткен кыргызстандыктардын жакындарына президенттин резервдик фондунан акчалай жардам берилет.

Кырсыкта каза болгон Кайрат Садыковдун, Жумали Эшатовдун, Елена Маркелованын жана Севара Касимованын жакындарына 50 000 сомдон, жаракат алган Элвира Курманалиевага, Юрий Москалевго, Владимир Москалевго, Александр Харитоновго 25 000 сомдон бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жамбылдын Кордай районунан өткөн Алматы - Ташкент жолундагы автокырсык 2-март күнү болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG