Жалал-Абад жана Нарын облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештери таратылат.
Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши, Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңеши жана Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши тарабынан айыл өкмөт башчылары шайланбагандыгына байланыштуу аларды таратуу боюнча жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 7-мартта кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган айылдык кеңештерди таратуу боюнча БШК Конституциянын 64-беренесине жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдын 49-беренесине таянып сунуш киргизген. Аталган аймактарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 20-апрелге белгиленди. (SE)