Жалал-Абад шаары аялдарды куттуктоодо. Облустук Барпы атындагы театрга чакырылган шаардык 400дөн ашуун аялдын тең жарымына бирден гүл менен кооз жоолук тартууланды.
Шаардын социалдык-экономикасына салым кошкону үчүн 17 аял мэрия жана жергиликтүү кеңештин грамоталары менен сыйланды. Шаардын маданият үйүнүн кызматкерлери менен мектеп окуучулары жана Бишкектен келген жаш ырчылар эне-баланы, сүйүү, жашоону даңктаган ырларды аткарышты. Эл аралык аялдар күнүн өткөрүүгө шаардык казынадан 130 миң сом каралгандыгын вице-мэр Айзат Раматиллаева билдирди. (YA)