Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Назарбаев Украина маселесинде Путиндин позициясын колдойт


Казак президенти Нурсултан Назарбаев Москвага сапары алдында Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу Украинадагы кырдаалды талкуулады.

Казак президентинин сайтындагы маалыматка ылайык, Украинадагы аз улуттун укугун коргоо маселесинде Астана Кремлдин позициясын колдойт.

Нурсултан Назарбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу шейшембиге белгиленген. Орус президентинин басма сөз кызматы эки мамлекет башчы “олуттуу эл аралык маселелер” боюнча сүйлөшүү жүргүзөрүн маалымдады.

Назарбаев Москвага бир апта мурдараак барып келген болчу. Анда Беларус президенти Александр Лукашенко жана Орусия президенти Владимир Путин менен Бажы биримдигине байланыштуу маселелерди талкуулаган.

XS
SM
MD
LG