Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

Жалал-Абад: Төрөт үйүндөгү келиндин өлүмү иликтенүүдө


2-мартта Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө Ноокен районунун 38 жаштагы тургуну Диларам Жоробаева каза тапты. Ага 28-февралда операция жасалган. Анын туугандары алтынчы баласын төрөгөн Диларам операциядан кийин капыстан эле эс-учун жоготуп жибергенине таң калышууда.

Облустук биргелешкен оорукананын жетекчилиги кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы он күндөн кийин чыкканда гана өлүмдүн себебин расмий билдирерин кабарлады. Облустук үй-бүлөлүк медицина борбору жыл башынан бери төрөт жашындагы беш аял өлгөндүгүн билдирди.

Төрөттөн кийин ажал тапкан келиндин ымыркайы аман-эсен.(YA)

 

XS
SM
MD
LG