Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Оппозицияны ооздуктоо чакырыктары көбөйдү


Оппозицияны айыптагандар эл Саруудагы кырдалга тынчсызданып жатканын айтууда. Сүрөттө: Саруудагы митинг, Ысык-Көл облусу, 26-ноябрь, 2013.
Оппозицияны айыптагандар эл Саруудагы кырдалга тынчсызданып жатканын айтууда. Сүрөттө: Саруудагы митинг, Ысык-Көл облусу, 26-ноябрь, 2013.

Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалга тынсызданган, оппозициялык күчтөрдү кескин айыптаган кайрылуулар күн сайын чыга баштады.

Бир катар коомдук бирикмелер, айрым улуттардын ассоциациялары, коомдук, маданий ишмерлер жана окумуштуулар тобу өлкө жетекчилерин Украинадагыдай окуяларга жол бербөөгө, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоого чакырууда. Айрым байкоочулар оппозицияны каралоо максатында муну бийлик өзү уюштуруп жатат дешет. Мурунку президенттердин тушунда да ушундай мазмундагы кайрылуулар байма-бай боло жүргөн эле.

Оппозицияны айыптаган билдирүүлөр

Саясий кырдаалга кабатыр болгондордун катарында Кыргызстандагы дунгандар бирикмеси да бар. Уюмдун төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов эл арасында кооптонуу чоң экенин айтууда:

- Баары эле чалып, тынчсызданып жатат. Оппозиция 16сында, же 17синде чогулат экен, Саруу тынч эмес экен деген эле дүрбөлөң сөздөр. Бизге чалып, “жазгы талаа иштерибизди башташыбыз керек, ушундай башаламандык качан токтойт, деги биз иштейбизби?”, - деп сурап кабатыр болуп жатышат. Ошондуктан биз туруктуулук, тынчтык болсун деп ушундай кайрылуу менен чыктык.

Азыр оппозицияны сындабаган киши деле калбады окшойт. Бирок мунун баарын бийлик өзү уюштуруп жаткандай. Баары чын дилинен айтып жатат дегенге эч ким деле ишенбейт...
Эмил Жураев

Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо коомдук фондунун жетекчиси Нусрет Мамедов кыргыз бийликтери Украинадагыдй окуяларга жол бербеши керек деп эсептейт:

-Украинада эмне болуп жатканын көрүп жатасыңарбы? Биз Кыргызстанда дагы бир революция болушун каалабайбыз. Өлкө туруктуу болгондо гана инвестиция келет, экономикасы көтөрүлөт. Ыңкылапты эки жолу көрдүк. Жетишет.

Оппоизцияны ооздуктоо чакырыгы айтылган кайрылуулардан айрым маданият жана искусство ишмерлери, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер тобу четте калган жок. Алардын арасында Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев да бар:

- “Ополоң-тополоң болсо, кыйрап кетсе, анан биз бийликке келсек”, деп жатышат да. Анан аларды ээрчип кетчүлөр чыгат. Кыргызда “куру намыс” деген сапатыбыз бар. “Кокуй, бул акмак болсо деле өз балабыз, өз тукумубуз, ээрчип коёлу” деп ээрчий беришет. Экинчи жактан акча берсе, каалаган ишке бара тургандар пайда болду. Аракеттеринин баары эле көрүнүп жатат. Ушинтип отуруп Сарууну жаманатты кылышты булар.

Жакиев оппозицияны каралаган кайрылуулардын артында бийлик турат деген сөздөрдү четке кагууда. Бирок өзү кайрылууну окубай туруп кол коюп алганын мойнуна алды. Мурунку бийликтин тушунда жасакерленген көрсөтмөлөр болгонун эске салды:

- Ал кайрылууну искусствонун балдары жазып келиптир. Менин колум турганы чын. Мен жарабаган текстке кол коюп жибериптирмин. Ал жерде Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиевдин колу турганынан, булар окуса керек деп кол коюп жибериптирмин. Эми бийлик ушинтикиле деп жатат десе балким мага кимдир бирөө айтат беле дейм да. Илгери Акаевди кайра шайлайлы деп телеберүү уюштуруп, Осмонакун Ибраимов мени да чакырды. Мен келбейм десем мени омуроолоп, өкүнүп калба деп коркутуп киргенде ай, машинам карга тыгылып калды деп айтып кутулгам. Анан ошол телеберүүдө Акаевди аябай макташты, “мындай адам туула элек”, деп. Мамакеев байкем мактады, Мар Байжиев мактады. Анан ал бат эле кызматынан түшүп калып, качып кетпедиби.

Бийлик өзү удургутуп жатабы?

Айтор ушул тушта оппозицияны айыптаган билдирүүлөр байма-бай чыгууда. Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук оппозициялык кыймылдын төрагасы Равшан Жээнбеков калайман башаламандыктар уюштурулбай турганын бир канча жолу айткан:

- Мен саясатчы, оппозициячы катары айта алам – биз кандайдыр бир революцияга, мыйзамсыз иш-аракеттерге даярданган жокпуз. Андай оюбуз да жок.

Саясат таануучу Эмил Жураев коомду бийлик өзү дүрбөтүп жатат деген ойдо:

- Коомдогу мындай реакцияларды өтө терс көрүнүш деп баалайм. Соңку учурда оппозицияны сындабаган киши деле калбады окшойт. Бирок мунун баарын бийлик өзү уюштуруп жаткандай. “Уюштурган жок, баары чын дилинен айтып жатат”, дегенге деле эч ким ишенбейт. Азыр Бириккен оппозициялык кыймылдын майдан уюштурууга, же өзүбүздөгүдөй революция жасап жибергенге шарты да, мүмкүнчүлүгү да жана кереги да жок. Бийдик өзү гана кырдаалды курчутуп, өзүнө-өзү проблема туудуруп жатат.

Буга чейин УКМК менен ИИМдин ардагерлери да бийликке кайрылган болчу. Анда коомду козутуп жатат деген саясатчыларга чара көрүү менен бирге каршылык акцияларын убактылуу тыюу тууралуу да сунуш айтылган эле.

XS
SM
MD
LG