Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Кургак учукка каршы акция башталды


Кыргызстанда кургак учукка каршы бир айлык акция башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ири шаарлардан тартып алыскы айылдарга чейин кургак учук, аны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча маалымат берилип, ар кандай сынактар өткөрүлөт. Бул иш-чара 24-мартта, Кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүндө жыйынтыкталат.

Кыргызстанда жылына кургак учукка чалдыккан 6 миңге жакын киши катталат. Алардын миңге жакыны балдар жана өспүрүмдөр. Мурдагы жылдардай эле сыркоолордун саны Бишкекте жана Чүйдө көп. Мунун себебин адистер ички миграция менен байланыштырууда.

Акыркы жылдары кургак учуктун дарынын көп түрү жардам бербей калган түрү көбөйүп жатканын дарыгерлер айтууда.

XS
SM
MD
LG