Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

АКШ жана Орусия Крым кризисин Лондондо сүйлөшөт


Британ баш калаасында бүгүн (жума күнү) АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугары күтүлүүдө.
Эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин башчылары Украина кризиси тутангандан бери дээрлик күн сайын байланышта болууда. Бирок орток пикир табыша элек.

Мамлекеттик катчы Жон Керри кечээ Сенатта сүйлөгөн учурунда белгилегендей, эгер Орусия Крымды өзүнө кошуп алуу багытындагы иштерин уланта берсе, Кошмо Штаттар менен Еврошаркет “өтө олуттуу” жооп чараларын референдумдун артынан эле ачыктайт:

- Референдумга карата кандайдыр бир жооп болот. Буга кошумча эгер ушул маселени чечип, алдыга жылгыдай орток пикир таппасак, Европада өтө олуттуу кадамдар болот.

Ушул жекшемби күнү Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөргөнү турган Крымды азыр орус аскерлери ээлеп турат. Украина жана Батыш өлкөлөрү бул үчүн Орусияны күнөөлөп, референдумду мыйзамсыз, эл аралык укукту айдан –ачык эле бузуу деп аташууда.

Референдумду мыйзамдуу деп эсептеген Москва Украинанын жаңы бийлигин Крымда жашаган орустарды жана орус тилдүүлөрдү коркутууда деп айыптаган. (UE)

XS
SM
MD
LG