Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Ак-Сай: эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин жол ачылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков билдирди.

Мурдарак Ак-Сайга жакын жерде Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Сеит Абдрахманов, Баткен районунун акими Сеитмурат Калыков баштаган топ Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Даврон Захидзода менен жолугушуу өткөрүп, жергиликтүү тургундардын арыз-муңун уккан соң тараптар жолду ачууну макулдашкан.

Жолугушууда жолдун жабылышына себепкер болгон Ак-Сай айылынын тургуну менен Тажикстандын Кожалы айылынын тургундарын жараштыруу аракети да болду.

Тажик тараптын билдирүүсүндө, чатак Ак-Сай айылынын тургуну тажикстандык айдоочуну сөккөндөн кийин башталган.

Баткен районунун акими Сеитмурат Калыковдун пикиринде, окуя боюнча эки тараптуу териштирүү иштери башталды.

Бүгүн түштөн кийин Ак-Сай айылы менен Кожалы айыл тургундары ортосунда мушташ чыгып, натыйжада Ак-Сай айылынын тургундары Ворух - Исфара жолун бууган.

Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары буга жооп катары Ак-Сай айылынан чыккан жолду торошкон. (SA)

XS
SM
MD
LG