Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Израил Иранды тынч алакага чакырды


Президент Шимон Перес Израил согушка каршы экенин белгилеп, Иран менен тынч алака курууга үндөдү. Бул тууралуу Израил жетекчиси “Азаттыктын” перс кызматына Иерусалимде шаршембиде билдирди. Перес ирандыктарды Израилдин Иранга чабуул жасоо ниети жоктугуна ишендирди. Ошол эле маалда ал израилдиктердин Ирандан камтама болуусуна негиз бар деди. Перес Иран лидерлеринин Израилди жок кылуу тууралуу коркутууларын мисалга тартты. Ал былтыр шайланган Иран президенти Хасан Роухани Израил менен тынч мамиле ниетин билдирбегени үчүн өкүнүчүн айтты. Расмий Тел-Авив Ирандын өзөктүк программасына каршы аскерий чабуулду четке какпайт.

XS
SM
MD
LG