Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Пакистандагы автокырсык 36 кишинин өмүрүн алды


Пакистандын түштүк-батышында удаа келаткан эки автобус менен бензин ташыган оор машина кагылышып, 35 киши каза таап, 20дай жүргүнчү жараат алды. Кырсык Белужистан провинциясынын борбору Кветта шаарынан алты чакырым алыс жайгашкан Гадани шаарында болду. Каза болгондордун арасында аялдар менен балдар дагы бар. Күйүктөн жабыркаган 30 кишинин ону ооруканага бараткан жерден ажал тапты.

Жергиликтүү полиция автобустагы жүргүнчүлөр желим челектерге күйүүчү май ташыгандыктан, автобустун ичинде жарылуу болуп, андан көп адамдар жабыркагынын билдирди.

XS
SM
MD
LG