Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, консулдукту ачуу аземи 21-мартта Вольфратсхаузен шаарында болуп өттү. Ардактуу консул болуп Кыргызстан менен жакындан тааныш немис ишкери Райнхольд Крэммел дайындалды. Министрликтен кошумчалашкандай, Баварияда ардактуу консулдуктун ачылышы Кыргызстан менен Германиянын аталган аймагынын соода-экономикалык жана маданий алакасын чыңдоого өбөлгө болмокчу.(BkA)