Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Орусиянын аракети Европа коопсуздугуна коркунуч туудурат


Кошмо Штаттар жана Украина Гаагада өзөктүк коопсуздук боюнча саммитте тараткан биргелешкен билдирүүдө "Орусиянын Крымдагы аракети Европа коопсуздугуна коркунуч туудурат" деп айтылат.

АКШ Орусияны Крымды аннексиялап алуу менен 1994-жылкы Будапешт меморандумун, андагы өз милдеттемесин бузганы үчүн айыптады.

Билдирүүдө белгиленгендей, Орусиянын Крымдагы аракети коопсуздуктун "глобалдык архитектурасынын" өзөгүнө шек келтирет жана Европадагы коопсуздукка коркунуч туудурат.

Билдирүүдө Украинанын өзөктүк куралдан баш тартуу боюнча 1994 –жылкы чечими жана ал өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине кошулганы кубаттоого алынган.

Дүйшөмбүдө Гаагадагы саммитте БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Орусиянын Крымды аннексиялоосу өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча глобалдык келишимге терс таасир тийгизээри мүмкүндүгүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG