Венесуэланын президенти Николас Мадуро аба күчтөрүнүн 3 генералы өкмөткө каршы төңкөрүш уюштуруп жатканы үчүн айыпталып камакка алынганын билдирди. Түштүк Американын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сүйлөгөн президент генералдар “оппозициядагы саясатчылар менен байланышып, аба күчтөрүн легитимдүү шайланган өкмөткө каршы көтөрүүгө” аракеттенген деди. Бир нече жумадан бери уланып келаткан көчө акцияларынын катышуучуларына каршы күч колдонулуп, кагылышууда кеминде 34 киши набыт кетти.
Ал тапта антиөкмөттүк акциялар башталган Сан-Кристобал шаарынын мэри Даниэл Себалос 1 жылга абакка кесилди.
2002-жылдын апрелиндеги демонстрациялар мурдагы президент, маркум Уго Чавестин бийликтен кетиши менен аяктаган. Бирок көп узабай ал кайра кайтып, Венесуэланы дагы 10 жыл башкарган.