Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Композитор Насыр Давлесовго арналган эскерүү кечеси өтөт


28-мартта кыргыз Эл артисти, дирижер жана композитор Насыр Давлесовдун 85 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Композиторлор союзунан кабарлашты. Кечеге Давлесовдун кесиптештери, шакирттери жана туугандары катышып, залкар композитордун баскан өмүр жолу эскерилип, чыгармачылыгы тууралуу сөз болот.

Насыр Давлесов 1929-жылы 15-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги музыкалык окуу жайды, Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияны бүтүргөн. 1956-жылдан баштап Эл аспаптар оркестринде башкы дирижер, 1961-жылдан тарта кыргыз Опера жана балет театрында башкы дирижер болуп эмгектенген.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөнүн гимнинин обонун көрүнүктүү композитор Калый Молдобасанов менен бирге жазган. Композитор 2011-жылы дүйнө салган.(BkA)

XS
SM
MD
LG