Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын долбоорлоо келишими түзүлдү


Нарындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун долбоорлоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу ГЭСти куруп жаткан орусиялык “Русгидро” ишканасынын расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, долбоорлоо иштерин «Ленгидропроект» мекемеси жүргүзмөкчү. Курулуш быйыл апрель айында башталып, 2019-жылга чейин жүрөт. Долбоорлоо этап-этабы менен жүргүзүлмөкчү.

Нарын дарыясына Орусия менен биргеликте Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол коюлган. ГЭСтер курулуп бүтсө Нарын, Ысык-Көл облустарын электр жарыгы менен камсыз кылат.(BkA)

XS
SM
MD
LG