Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Жон Керри менен Сергей Лавров бүгүн Парижде кездешет


Лавров менен Керри акыркы бир айда утур-утур кездешүүдө. Лондон, 14-март, 2014-жыл.
Лавров менен Керри акыркы бир айда утур-утур кездешүүдө. Лондон, 14-март, 2014-жыл.
АКШ Мамлекеттик катчысы менен Орусия тышкы иштер министри мурда пландалбаган жана чукулунан маккулдашылган бул жолугушууда Украинадагы кырдаалды талкуулашмакчы. Тышкы саясий мекеме башчыларынын кездешүүсү президенттер Обама менен Путин телефондон сүйлөшкөндөн соң өтүүдө.

Ишембиге караган түнкү телефон сүйлөшүүсүндө Обама Путинди Украинанын чыгыш чек араларынан орус аскерлерин алып кетүүгө кайрадан чакырган болчу.

Сергей Лавров кечээ мамлекеттик теледеги маегинде Орусияда аскерлерге украин чек араларын бузууга буйрук бергидей “кызыкчылык” да, “ниет” да жоктугун айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG