Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Медведев: Крым экономикалык аймакка айланат


Дмитрий Медведев Симферополдо өкмөттүк жыйын өткөрүүдө, 31-март, 2014
Дмитрий Медведев Симферополдо өкмөттүк жыйын өткөрүүдө, 31-март, 2014
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев бүгүн Крымда жыйын өткөрүп, регионго инвестиция тартыш үчүн Орусия аны атайын экономикалык зонага айландырарын айтты. Орус министрлеринин делегациясын баштап барган Медведев азыр Москванын максаты “Крым өз алдынча өнүгүшүн камсыздоо” экенин белгиледи. Мындан сырткары, Медведев Орусияда Крым иштери боюнча атайын министрлик түзүлгөнүн, аны Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Олег Савельев жетектей турганын жарыялады.

Бул Орусия Украинанын Крым автономиялык республикасын өзүнө кошуп алгандан бери орусиялык расмий өкүлдүн эң жогорку деңгээлдеги алгачкы сапары. Украинанын тышкы иштер министрлиги Медведевдин Крымга сапарын “эл аралык жүрүм-турумга, аракеттерге туура келбеген иш” деп атады.

Кечээ кечинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамкатчысы Жон Керри менен украин кризисин талкуулашкан. Орусия Крымды аннексиялашы эл аралык коомчулук тарабынан таанылган эмес. АКШ, Евробиримдик жана БУУнун Башкы Ассамблеясы аны “мыйзамсыз” деп атаган.

XS
SM
MD
LG