Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Осмоналиев: саясий оюндар жүрүп жатат


Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

Бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясы жыйынга чогулат. Коалициянын жыйынында өкмөт башчылыкка талапкер Жоомарт Оторбаевдин программасы, өкмөттүн структурасы боюнча маалыматы угулат.

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Осмоналиев жаңы өкмөт башчыны дайындоо боюнча Жогорку Кеңеште жүрүп жаткан иштер тууралуу “Азаттыкка” маек берди.

"Азаттык": Каныбек мырза, премьер-министрге талапкердин программасы мурдагы өкмөт башчылардан эмнеси менен айырмаланчудай?

Осмоналиев: Тилекке каршы, кечээ биз коалициянын жыйынына премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаевдин программасын угалы деп чогулдук эле. Бирок ал программасын таратып бербегендиктен бүгүнкү күнгө калтырдык. Программасын уккандан кийин өкмөттүн курамын жана структурасын бекитүү иштери аткарылат. Мага жеткен маалыматтар боюнча мурдагы өкмөттүн программасынан эч кандай айырмасы жок экен.

"Азаттык": “Ар-намыс” фракциясынын программасы Жоомарт Оторбаевдин программасына кирдиби?

Коалицияга кирген фракциялардын лидерлери эки жолу так эмес маалымат беришти. Биринчиден, эч кандай өзгөрүү болбойт деп айтышты. Бирок кечээ кайрадан көкбөрү тартыш болуп, фракцияларда мушташууга чейин барышты.
Каныбек Осмоналиев
Осмоналиев: Ооба, коалициялык макулдашуу тууралуу документке биз өзүбүздүн бир топ талаптарыбызды койгон элек. Анын ичинде Кумтөр маселесин прогрессивдүү деңгээлде чечүү, Бажы биримдигине кирип-кирбөө маселесин кароодо Кыргызстан үчүн пайдалуу чечүү, элге ачык-айкын маалымат берүү жана эң башкысы коррупция менен күрөшүү талаптарын койгонбуз. Эми бал сөздөн ишке өтүүгө мезгил жетти. Адамдын аброюна, ээлеген кызмат ордуна карабастан коррупция менен күрөшүү талабы коюлду.

"Азаттык": Жалпысынан алып караганда коалициялык көпчүлүктүн курамы буга чейинкисинен айырмаланган жок да. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди кетирүү үчүн коалицияны таратуу зарыл беле? Муну саясий оюн катары баалагандар да бар.

Осмоналиев: Мен да муну саясий оюн катары көрүп калдым. Себеби бул жерде коалицияга кирген фракциялардын лидерлери эки жолу так эмес маалымат беришти. Биринчиден, эч кандай өзгөрүү болбойт деп айтышты. Бирок кечээ кайрадан көкбөрү тартыш болуп, фракцияларда мушташууга чейин барышты. Биздин фракцияда да депутаттар өз ара ыйкы-тыйкы болуп атышат. Ушул нерселер мунун баары саясий оюн экенин ырастап койду. Натыйжада бүгүн да ошол оюндар уланганы турат. Өкмөттүн курамы түп-тамырынан бери өзгөргөнү турат.

"Азаттык": Мына ушундай оюндар болуп турган чакта премьер-министрди алмаштыруу, коалиция түзүү жазгы талаа иштерине терс таасирин тийгизип койбойбу? Өкмөт бул иштерди колго алып кетет деп ойлойсузбу?

Осмоналиев: Түз таасирин тийгизет. Мен аны көрүп турам, анткени мен эл аралаган депутатмын.

Чынында эле учурда мунун кереги жок болчу. Убагында Жантөрө Сатыбалдиевдин отчетун укканда эле аны отставкага кетириш керек болчу. Же башка дагы гумандуу ыкмалары бар болчу, ошолорду колдонуш керек эле.

"Азаттык": Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин “Ата Мекен” сунуштап, социал-демократтар жактырбадыбы. Жаңы премьерге өзү ишенген өкмөттү куруу мүмкүнчүлүгү берилет деп ишенесизби?

Осмоналиев: Берилбей жатканы кечээтен бери айкын болуп калды. Менимче Жоомарт Оторбаевге өтө эле кыйын болот. Мамлекеттүүлүктү бекемдей турган адамдар барбай эле, жулунган “көкбөрүчүлөр” келип жатканы мени абдан кыжаалат кылып турат.

"Азаттык": Жаңы өкмөт өзгөчө кайсы маселелерге көңүл буруш керек деп ойлойсуз?

Осмоналиев: Биринчи кезекте экономиканы көтөрүү маселесин караш керек. Ачык-айкын саясат жүргүзүү зарыл. Бажы жана салык маселелерине жакшы көңүл бурсак эле натыйжа чыгаарына ишенип турам.
Жаңы коалициянын куралышы
Жаңы коалиция түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00
XS
SM
MD
LG