Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Ыдыраган коалиция кайра бирикти


"Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн" коалициясына кирүү үчүн кол коюу учуру. 31-март, 2014-жыл
"Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн" коалициясына кирүү үчүн кол коюу учуру. 31-март, 2014-жыл

Парламенттеги башкаруучу коалицияга КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары кирди. Алар бүгүн жаңы коалиция боюнча келишимге кол коюшту.

КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков билдиргендей, 1-апрель күнү Жогорку Кеңеште кезексиз сессия чакырылып, жаңы коалиция түзүлгөнү расмий жарыяланат. Чыныбай Турсунбеков жаңы коалицияны мүмкүн болушунча 4 же 5 фракциядан түзүү аракети болгонун айтты:

- Жогорку Кеңештеги беш фракциянын ичинен ушул үч фракция коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча келишимге кол койдук. Бул келишим абдан чоң күч-аракеттин негизинде түзүлдү. Биз бардык фракцияларга коалициялык көпчүлүккө кирүү сунуштарыбызды бердик.

Чыныбай Турсунбеков кошумчалагандай, “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары башкаруучу көпчүлүккө кирүү ниетин билдиришкени менен, алардын өз фракцияларындагы жагдайлар ага кирүүгө тоскоол болду. “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында, “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары алардан көз каранды болбогон жагдайлардан улам кире алышкан жок.
Жаңы коалиция түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00


Бирок “Республика” фракциясы коалиция кирбей, оппозицияда калуу себебин башка жагдайлар менен түшүндүрүүдө. Атап айтканда, алардын өкмөт башчыны бир канча талапкердин арасынан “жумшак рейтинг” менен тандоо сунушу коалицияны түзүп жаткан үч фракция тарабынан кабыл алынбаганы үчүн жаңы биримдикке кирүүдөн баш тартышканын фракциянын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди:

- Кечээ жана бүгүн алар бизге коалицияга кирүү боюнча дагы кошумча сунуш берди. Ал сунушта алар бизге эч кандай шарты жок эле киргиле деп айткан. Биз азыр аны карап туруп, эч кандай шарты жок коалицияга кирбейбиз деген чечимге келдик. Биз мурдагыдай эле өзүбүздүн сунушубузду кармайбыз, башкача айтканда, “жумшак рейтинг” жолу менен эң мыкты өкмөт башчыны тандасак болмок. Ошондуктан, биз оппозицияда калуу чечимине келдик.

Жаңы коалицияны "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов жетектемей болду. Кулов 18-мартта таркаган "Ырыс алды - ынтымак" коалициясын да башкарган.

Парламентте 31-мартта түзүлгөн башкаруучу коалицияга КСДПнын 25, “Ата Мекендин” 16 жана “Ар-намыстын” 24 мүчөсү, бардыгы болуп 75 депутат кирди.
Оппозицияда калган “Ата-Журт” менен “Республика” фракцияларына келсек, 26 "атажуртчу" жана 16 "республикачы" депутат бар экени айтылып жүрөт. Кыргызстандын парламентинде 120 депутат бар. Алардын 13ү фракциялардан чыгып, өз-өзүнчө топторго биригип алган.

18-мартта "Ырыс алды - ынтымак" башкаруучу коалициясы "Ата Мекен" фракциясы анын курамынан чыккандан кийин ыдыраган. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев бул кадамга мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ишиндеги кемчиликтер себеп болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG