Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Ош: ажылар тажик зыяратчыларын кантип алдаган?


Мекеге барган кыргызстандык зыяратчылар. 24-октябрь, 2012-жыл.
Мекеге барган кыргызстандык зыяратчылар. 24-октябрь, 2012-жыл.

​Тажикстандан келген эки жаран кыргызстандык ажы башчылар алардын 350 миң долларга жакын акчасын алдап алганын айтып чыгышты.

Тажик жарандары Бахтияр Ахмедов менен Умаржан Колдошев ажы башчыларга берген акчасын 3 жылдан бери өндүрө албай жүрөт. Алар айласы түгөнгөндө президент Алмазбек Атамбаевге, Кыргызстандын Баш прокуратурасына жардам сурап, кайрылуу жолдоду.

Бахтияр Ахмедов менен Умаржан Колдошев дин жолунда жүргөн ажы башчылар. 2009-жылы алар тажикстандык 205 зыяратчыга кыргызстандык ажы башчылар аркылуу виза ачтырышкан. Бирок алардын 82синин визасы жараксыз болуп калып, Жидда шаарынан артка кайтышкан.

Кыргызстандык ажы башчылар бул тууралуу уккандан кийин аларга башка виза ачып берүүгө убада берген. Бирок анын өтөсүнө чыгышкан эмес. Муну менен эле тынчып калбай 2010-жылы да тажикстандык 108 кишиге виза ачмай болуп акча алышкан. Натыйжада 108 киши Түркияда бир апта камалып, депортация болгон.
Меке шаарындагы зыяратчылар.
Меке шаарындагы зыяратчылар.
- Ажылык ишинде да алдамчылык бар экенин биз эми түшүнүп атабыз. Биз алданган жарандардын акчасын өз чөнтөгүбүздөн төлөдүк. Там-ташыбызды, жерлерибизди саттык, кредит алдык, бирок дагы деле кутула элекпиз. Үч жылдан бери доолап, акчабызды ала албай жүрөбүз. Айлабыз түгөнгөндө президентке, Баш прокурорго кайрылуу жазып, жардам сурадык,-деди тажикстандык ажы башчы Бахтияр Ахмедов.

Тажик ажы башчыларын кыргызстандык Шарабидин Жалалов, Махамад Ахмедов жана Мухамаджан Юсупов аттуу өзбек тектүү ажы башчылар алдаган. Бирок Ахмедов алар алганын бермек тургай кайра өздөрүн коркутуп жатканын айтып берди:

- Кыргызстандан кетпесеңер өлтүрүп коебуз, жок кылабыз деп жатышат. Ак үйдө, парламентте иштеген тааныштары бар экен. Кайра-кайра келебиз, же тоготуп коюшпайт. Биз бул ажыларга 2008-жылы жардам берген элек. Алар жөнөткөн 82 адамды Дүйшөмбүдө кабыл алып, Стамбулга учурганбыз. Ошол жакшылыгыбызга жооп кылабы десек, минтип ара жолдо калтырышты.

Тажик зыяратчылары.
Тажик зыяратчылары.
Дүйшөмбүлүк ажы башчы Умаржан Колдошев болсо бул ишке кыргызстандык ажы Шарабидин Жалаловду күнөөлөдү:

- Булардын башчысы ошо Шарабидин ажы. Аны бул жакта баары эле таанышат. Бирок биз келсек эле бир Ташкенге, бир Бишкекке кетти деп шылтоо айтышат. Кыскасы, качып жүрүшөт. Булардын айынан 2009-жылы визабыз жасалма чыгып, 82 адам Ооганстандын Кандагары аркылуу араң кайтып келгенбиз. 2010-жылы Стамбулда 108 адамдын визасы туура эмес болуп чыгып калганда, 80-90догу аксакалдар баш болуп камалып чыкканбыз. Муну баарын кылган ушу 3 киши. Алгач ишенимиге кирип алып, анан минтип алдап жатышат.

Аталган арыз боюнча айыпталып жаткан Шарабидин Жалалов жана анын жардамчылары менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Маалым болгондой, бул иш боюнча азырынча кылмыш иши козголо элек. Милиция фактыларды тергөөгө алып жатканын айтууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев бул иш азыр текшерүүдө экенин тастыктады:

- Бул арыз боюнча ишти Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын түштүк регионундагы бөлүмү карап жатат. 20-мартта арыз жазышкан экен, бүгүнкү күндө ар бир жагдай боюнча текшерүү иши башталды. Эгерде ошол арызда көрсөтүлгөн фактылар далилденсе, жогорудагы биздин жарандардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлөт.

Кыргызстан мусулмандары.
Кыргызстан мусулмандары.
Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул иштерден эч кандай кабары жоктугун билдирүүдө. Муфтияттын басма сөз катчысы Асан ажы Саипов буларга токтолду:

- Кыргызстанга ажылык үчүн берилген квоталар менен Тажикстандын, Өзбекстандын же башка өлкөлөрдүн жарандары барууга укук берилген эмес. Бирок ошого карабай мурда ар кандай жолдор менен коңшу өлкөлөрдүн жарандарына берилип кеткен окуялар катталганы чын. Кээде биздин квоталарды сатышкан, айрым учурларда жасалма виза жасап берип алдап ийген фактыларды күч органдары ачыкка чыгарганы белгилүү. Бул иштерди кээ бир мурдагы ажы башчылар, ушу ажылыктан пайда тапкысы келген адамдар жасап жиберишчү эле. Бирок бул иштерди ким кылган, алар ким болгон азыр бизге беймаалым. Азыр буюрса мындай нерселерге жол берилбейт. Силер айтып жаткан тажик жарандары боюнча бизде маалымат жок. Алар балким күч органдарына кайрылышкандыр, бирок бизге арыз жазышкан жок.

Буга чейин жасалма виза менен иш кылган ажы башчылар боюнча бир катар маалыматтар белгилүү болгон. Бирок алардын аягы эмне менен бүткөнү белгисиз бойдон калып келет.

Кыргызстанга Сауд Арабия жыл сайын 4,5 миң ажылык виза бөлөт. Башка коңшу өлкөлөргө болсо мындан азыраак орун тиет. Ошол себептүү да Тажикстан, Өзбекстандан келип, Кыргызстандан виза бүткөрүүгө аракет кылгандар арбын.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG