Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Оппозиция митингдерди чектөөгө каршы акция уюштурат


"Улуттук оппозициялык кыймыл" Бишкек шаарында митинг-пикеттерди өткөрүүгө чектөө киргизилишине каршы акция өткөрөт. Бул тууралуу кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков бүгүн Бишкекте маалымат жыйында айтты. Митинг 10-апрелде Горький cейил багында өтөт.

Оппозиция мүчөлөрү митингдерге чектөө киргизүүнү сөз эркиндигин жана адам укуктарын ооздуктоо катары баалайт.

Ала-Тоо аянтында, Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн жанында 1-майга чейин митинг өткөрүүгө Бишкектин Биринчи Май райондук соту тыюу салган. Апрель окуясынын 4 жылдыгын белгилөө жана коомдук тартипти сактоо максатында акцияларга чектөө киргизүү өтүнүчү менен сотко райондун акимчилиги кайрылган.

2-апрелде Башкы прокуратура райондук соттун бул чечимине каршы чыгып, шаардык сотко арыз жолдогон. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG