Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Чек арадагы таш атышуудан эки унаа талкаланды


Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишемби күнү кечинде Ак-Сай айылынын тургундары Ворух анклавын Тажикстан менен туташтырчу Ворух-Исфара жолун буушкан.

Буга Ак-Сай айылынын жашоочусун Ворух анклавынын тургундарынын сабап салганы себеп болгон. Жолдун жабылышына нааразы болгон Тажикстандын Кожалы айлынын тургундары чек арага чогулуп, эки топ кайым айтышып, бир-бирине таш аткан. Натыйжада аксайлык бир тургундун жана тажикстандык бир жарандын автоунаасы талкаланды. Учурда Ворух-Исфара жабык бойдон турат. Абалды жөнгө салуу үчүн Баткен облусунун бийлик өкүлдөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен чатактар орун алып келет. Быйыл 11-январда кыргыз-тажик чек арачыларынын арасында куралдуу жаңжал чыгып, чек ара бекеттери жабылган. Чек ара бекеттери өткөн аптада ачылган болчу.(BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG