Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Медицина тармагын реформалоо боюнча жыйын болот


Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн - 10-апрелде коомдук байкоочу кеңеш мүчөлөрү, атайын кеңешчи-эксперттер менен биргеликте тармакты реформалоонун жаңы пландарын иштеп чыгуу үчүн жыйын курат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекемеден кабарлашты.

Жыйында аймактагы ооруканалар менен облустук жана борбордук бейтапканалардын ортосундагы карым-катнашты жандантуу, электрондук байланыш системасын киргизүү жагы талкууланат.

Министрдин орун басары Марат Калиев билдиргендей, учурда электрондук байланыш ыкмасын иш жүзүнө ашырууга аракеттер көрүлүп жатат. Эгер ал колдоно баштаса, оорулуулар республикалык же облустук бейтапканалардын дарыгерлерине өз аймагында туруп эле кезекке жазылат жана керектүү каражаттар тууралуу дарыгерге барбай туруп эле маалымат алат. (SA)

XS
SM
MD
LG