Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Караколдо элди чогултпоо аракети болууда


Өздөрүн “Ысык-Көл жаштары” коомдук уюмунан деп тааныштырган жаштар облустук мамлекеттик администрациянын жанына чогулган адамдарды “митинг болбойт” деген жүйөө менен кайра кайтарып жатышканын аймактагы кабарчыбыз билдирди. Анын айтуусунда, аталган уюмдун бир өкүлү “Азаттыктын” кабарчысынын видеокамерасын тартып алып, кайра берген.

Мурдараак облустук милиция митинг өткөрүү тууралуу эч кимден маалымдама түшпөгөнүн кабарлаган болчу. Милициянын маалыматы боюнча, Жети-Өгүз районунун борборунда, Сарууда абал тынч, чогулгандар жок. (MK;ZKo)

XS
SM
MD
LG