Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Алматы базарларындагы өрттөр боюнча эки киши кесилди


Алматынын ири базарларындагы өрткө байланыштуу 2 киши кесилди. “Олжа” базарынын директору Мусагали Алдабергенов 4 жылга, жергиликтүү ишкер Жанат Кайранов болсо 3 жылга эркинен ажыратылды.
Аларга "мүлккө зыян келтирген шалаакылык" беренеси боюнча айып тагылды. 2013-жылдын күзүнөн бери Алматыда бери дегенде 10 жолу ар кайсы базарларда өрт болгон. Декабрдагы кырсыктан 2 киши каза тапкан.

Сот соодагерлердин жергиликтүү бийликтен компенсация төлөттүрүү талаптарын кароодон баш тартты.

Шаар бийлиги күйүп кеткен базарлар 1990-жылдары мыйзамсыз тургузулганын, чоң жол салуу планына тоскоол болгонун айтып, алар калыбына келтирилбесин билдирди.

XS
SM
MD
LG