Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Жол кырсыгынан эки милиция кызматкери каза болду


12-апрелде Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда жол кырсыгынан эки милиция кызматкери каза тапты. Маалыматка караганда, алар Бишкектен Ошко прицеп чиркелген унаа менен митинг-пикеттерди кууп таратууда колдонулчу атайын каражаттарды алып бара жаткан. Каза болгон кызматкерлердин жакындары милициянын жетекчилерине “түн ката жолго чыгарган, атайын каражат алып бараткан унаанын жанында коштоочу болгон эмес, коопсуздукка кайдыгер караган”, - деп нааразы болуп жатат.

ИИМ бул фактыны тастыктады, бирок окуя тууралуу азырынча кеңири түшүндүрмө бере элек. Каза болгон кызматкерлер ИИМдин атайын даярдыктагы полкунда кызмат өтөчү. Массалык иш-чараларды өткөрүүдө, калайман нааразылык акцияларда коомдук тартипти сактоо боюнча 600 адамдан турган полк ушул жылдын башында түзүлгөн эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG