Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Президент Медакадемияны куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын жамаатын окуу жайдын 75 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Өз куттуктоосунда президент Медициналык академия Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын арасында өзгөчө орун ээлерин белгилеген. Окуу жайдын азыркы жамаатына жана студенттерине кайрылып ал: "Академиянын даңазалуу тарыхы, мыкты салттары сиздерди көп иштерге милдеттендирет" деп айтты.

Медакадемия 1939-жылы медициналык орто окуу жай болуп түзүлгөн. Кийинчерээк институт, андан соң академия болуп кайра уюшулган. 1998-жылы ага залкар дарыгер Иса Ахунбаевдин ысымы ыйгарылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG