Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:36

Кыргыз-тажик чек арасында 15 сарай өрттөлгөнү аныкталды


Баткендин кыргыз-тажик чек ара аймагында жайгашкан Ак-Сай айылында өрттөлгөн сарайлардын так саны 15. Бул тууралуу айыл башчы Эркин Жолчиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, айылга караштуу Тамдык, Зарын жана Улар деген үч жайлоодо 15 сарай күйүп кеткен, бирок аларга өрт качан коюлганы белгисиз. Себеби кыш мезгилинде жол жабылгандыктан бул жайлоолор ээн калат.

Айыл тургундары сарайларды Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары өрттөдү деген шек менен 15-апрелде Ворух - Исфара жолун бууган. Эки өлкөнүн күч кызматкерлери келип, эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин гана жол ачылды.

Учурда айылда абал тынч. Жайлоодогу окуя боюнча күч органдары жеринде иликтөө жүргүзүп жатат. (BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG