Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

Вице-премьер кыргыз-тажик чек арасындагы абал менен таанышууда


Коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев үч күндүк иш сапар менен Баткен облусуна барды.  Ал кыргыз-тажик чек ара аймагынын калкы менен жолугуп, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу менен таанышат. Жергиликтүү күч кызматтарынын жетекчилери менен жыйын өткөрөт. Тажикстандын вице-премьери Мурадоли Алимардон менен жолугушуусу да күтүлүүдө.

Соңку кезде кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп, Кыргызстан Тажикстандагы өз элчисин консультация үчүн чакыртып алган. Сүйлөшүүлөр эми гана кайра жүргүзүлө баштады. (JsA)

 

XS
SM
MD
LG