“Жаштар өкмөтүнүн” курултайы
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында “Жаштар өкмөтү” кыймылынын курултайы өттү. Анда президенттик башкаруу системасына кайтуу, саясий элитаны алмаштыруу, курултай институтун ишке киргизүү сыяктуу маселелер тууралуу сөз болду.