Украинанын чыгышындагы өкмөттүк имараттарды басып алган орусиячыл радикалдардын айтымында, Киевдеги батышчыл өкмөт кызматтан кетмейин алар имараттарды бошотпойт. Өзүн донецкилик радикалдардын лидеримин деп жарыялаган Денис Пушилин 18-апрелде кабарчыларга ал өз адамдарын Украина - Орусия ортосундагы келишимге карабай куралсыздандырбасын да айтты.
17-апрелде Женевада жетишилген төрт тараптуу (Украина, Орусия, АКШ, Европа Биримдиги) сүйлөшүүдө жикчилдер Украинанын чыгышындагы өкмөттүк имараттарды бошотуп, куралын тапшырып беришсин деп макулдашылган. Жергиликтүү булактардын 18-апрелде кабарлашынча, алиге чейин бир имарат бошотула элек.
Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк 18-апрелде парламентте сүйлөп, куралын тапшырып, имараттардан чыгып кеткен бардык протестчилерге мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору даярдалганын билдирди:
- Украин өкмөтү мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун даярдап койгонун эскерте кетейин. Мыйзамсыз куралданган жана имараттарды ээлеп алган адамдар курал жарагын таштап, имараттардан чыгып кетишсе, аларга мунапыс берели деп ойлойбуз.