Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Сирияда президенттик шайлоонун мөөнөтү жарыяланды


Сирия парламентинин төрагасы Мохаммад ал-Лакхамдын 21-апрелдеги билдирүүсүнө караганда, шайлоо 3-июнга белгиленди. Анын айтымында, Сирияда жашаган жарандар добуш берүүгө укуктуу. Шайлоодо азыркы президент Башар Асад негизги талапкер болору күтүлүүдө.

Сирияда үч жылдан ашык убакыттан бери жарандык согуш жүрүп, андан 150 миңден көп киши өлгөнү айтылууда. Жекшемби күнү Башар Асад христиандар ыйык туткан кыштакка барып, жергиликтүү тургундарды Пасха менен куттуктады. Адатта Башар Асад коопсуздукка байланыштуу Дамаскиден сыртка сейрек чыгат. (AiT)

XS
SM
MD
LG