Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Бишкекте адам уурдоого шектүүлөр кармалды


Бишкекте 20 жаштагы жигитти барымтага алып, жакындарынан акча талап кылды деп шектелген топ кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, 13-апрелде милицияга жигиттин дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө аны белгисиз бирөөлөр машинага салып кеткени аныкталган. Бошотуу үчүн жакындарынан 70 миң сом талап кылынган.

Октябрь райондук милициясы атайын операция жүргүзүп, адам уурдоого шектүү деп 25-27 жаштагы 4 адамды 14-апрелде колго түшүргөн. Барымтадагы адам бошотулган. Кармалгандардын баары Бишкектин тургундары. Алардын айтымында, уурдалган жигит акча карыз болчу.Тергөө уланып жатат. (ZB\SE)

XS
SM
MD
LG