Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Футбол: Ошто “Алай” менен “Арбил” беттешет


Бүгүн Оштогу Акбар Сүйүнбаев атындагы стадиондо Кыргызстандын “Алай” футбол командасы Ирактын “Арбили” менен беттешет. Саат 16:00гө белгиленген оюн тез жардам жана өрт өчүрүүчү техника кечигип жатканына байланыштуу башталбай турат. Эл аралык талаптарга ылайык, стадиондо коопсуздук шарты түзүлүшү керек.

Жарыяда оюндун убактысы эки түрдүү көрсөтүлгөнү да айтылып жатат. Уюштуруучулар беттешүү саат 17:00гө жылганын кабарлашты.

1-апрелде Ошто “Алай” Иорданиянын “Шабаб ал-Ордон” командасы менен ойноп, 0:1 эсебинде жеңилип калган. Андан мурда Бахрейндин “ал-Риффа” командасын кабыл алып, оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG