Президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов кыйноонун издери бар эки сөөк Славянск шаарында табылгандан кийин мына ушундай чакырык менен чыкты. Табылган сөөктүн бирөө Турчинов жетектеген “Батьковщина” партиясынын мүчөсү Владимир Рыбак экени аныкталды. Турчиновдун айтымында, Рыбак жакында эле “террорчулар” тарабынан уурдалып кеткен жана кылмыштар Орусиянын колдоосу менен болуп жатат.
Славянск жана башка шаарлардагы Орусияга ыктаган куралдуу топтор төрт тараптуу Женева келишимин арткаруудан баш тартышууда. (AiT)
Славянск жана башка шаарлардагы Орусияга ыктаган куралдуу топтор төрт тараптуу Женева келишимин арткаруудан баш тартышууда. (AiT)