Шайлоого 277 түрдүү саясий топтордун 9 миң талапкери ат салышууда. 328 орундуу Ирак парламентине 10 миллиондон ашуун жаран добуш бере алат. Бул шайлоо 2011-жылы Ирактан Кошмо Штаттардын аскерлери чыгарылгандан кийин биринчи жолу өткөрүлүүдө. Азыркы өкмөт башчы Нури ал-Маликинин "Мамлекет жана мыйзам" аттуу бирикмеси жеңишке жетет деп күтүлүүдө. Эгерде ал ишке ашса, Нури ал-Малики төртүнчү ирет өкмөт башчысы болуп шайланат. Бирок ал күрт жана суннит топторунун колдоосуна муктаж болот. (AiT)